Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Каныбек Ботобаев Жер ресурстары агенттигине директор болуп дайындалды

Каныбек Ботобаев.
Каныбек Ботобаев.

Каныбек Ботобаев Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Ботобаев өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү болуп иштеп келген. Ал бул кызматка ушул жылдын 22-апрелинде дайындалган.

1-августтан тарта Жер ресурстары боюнча жаңы мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Өкмөт ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында ушундай чечим чыкканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG