Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган делегация Тажикстандын Согди облусунда болуп кайтканын 7-сентябрда облустук акимчиликтин маалымат кызматы “Азаттык” радиосуна билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Баткен облусунан барган топ кошуна өлкөнүн Эгемендик майрамынын урматына уюштурулган салтанатка катышты. Иш-чарада Мадумаров менен Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода эки тараптуу кызматташуу, кошуналык мамилелерди чыңдоо жаатында сүйлөштү.
Тараптар акыркы учурда эки өлкөнүн чек аралаш аймактарында орун алып жаткан түшүнбөстүктөрдү жоюу, ар бир окуя боюнча дыкат иликтөө иштерин жүргүзүү, чыр-чатактарды болтурбоо максатында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү макулдашкан.
Акыркы жумада эки тараптан чек арага байланыштуу майда тирешүүлөр көбөйүп, “облус жетекчилери жолукканга чейин” айрым курулуштар токтотулган. (JsA)