Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:20

Хабиб Нурмагомедов чемпиондук титулун сактап калды


Дастин Порье жана Хабиб Нурмагомедов.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC турниринин кезектеги мушташында чемпиондук титулун АКШ мушкери Дастин Порьеге каршы коргоду. Спортчу үчүнчү раундда атаандашына муунтуу ыкмасын колдонуп жеңишке жетти.

Бул Нурмагомедов үчүн 28-жеңиш болуп, дагестандык мушкер дагы эле эрежесиз мушташта жеңилүү ызасын тарта элек.

Орусиялык мушкер Нурмагомедов 2018-жылдын октябрынан бери таймашка чыга элек. Ал акыркы жолу ирландиялык атаандашы Конор Макгрегорду жеңгенден кийин чуу салганы үчүн сегиз айга дисквалификацияланган.

UFCнин президенти Дэйна Уайт маалымдагандай, кийинки беттеште Хабиб Нурмагомедов дагы бир америкалык мушкер Тони Фергюсон менен күч сынашат. Ал эми орусиялык мушкер өзү Фергюсонду жеңсе, оор салмакка которуларын айтып келет. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG