Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өтөт


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова шайлоого даярдык тууралуу жыйын өтүүдө. 4-сентябрь, 2019-жыл.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова шайлоого даярдык тууралуу жыйын өтүүдө. 4-сентябрь, 2019-жыл.

Бүгүн, 8-сентябрда Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өтөт. Биринчилерден болуп таңкы 8де Чукоткадагы шайлоо бекети ачылды. Бул аймакта административдик борбор – Анадырь шаарынын мэри жана шаардык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул жекшембиде Орусияда ар кандай деңгээлдеги алты миңден ашуун шайлоо өтөт. Ага ылайык, 19 аймактын башчылары шайланат. Федерациянын бир катар субъектилеринде, андан тышкары Орусия аннексиялаган Крым менен Севастополдо муниципалдык жана аймактык шайлоо өтөт. Ошондой эле талапкерлерди каттоо маалында нааразылык чыккан Москва шаардык кеңешине да депутаттар шайланат.

Шайлоо өнөктүгү Москвада массалык нааразылык акциялары менен коштолду.

«Коммерсантъ» гезити белгилегендей, көйгөйлүү аймак катары талапкерлердин 11% жана 25% гана катышкан Санкт-Петербург шаары жана Астрахань облусу эсептелүүдө. Ал эми губернаторлукка талапкерлигин койгон эркектер аялдарга караганда беш эсе көп.

Москвалыктар июль айынан бери бийликтен шаардык кеңештин шайлоосуна өз алдынча талапкерлердин катышуусуна уруксат берүүнү талап кылып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди ат салышуудан четтетип койгон. Алардын арасында «Коррупция менен күрөш фондунун» юристтери Любовь Соболь менен Иван Жданов, саясатчы Илья Яшин, укук коргоочу Андрей Бабушкин бар.

XS
SM
MD
LG