Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Дональд Туск Орусияны саясий туткундарды бошотууга чакырды


Дональд Туск.
Дональд Туск.

Орусия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмашуу жараянын бир катар мамлекеттер жана Европа Биримдигинин жогорку өкүлдөрү колдоого алууда. Бул тууралуу «Deutsche Welle» жазды.

«Акыры Олег Сенцов жана украиналык моряктар да бошоду», деп жазды Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск. Ал Орусияны бардык саясий туткундарды бошотууга жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоого чакырды.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини алмашуунун артынан үйлөрүнө кайткан украиналыктарды буга чейин бир нече жолу бошотууну талап кылып келишкенин белгилеген. Могерини аларды бошотуунун артында юристтер, активисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү турганын айткан.

Ал эми Европа Кеңешинин баш катчысы Турбъёрн Ягланд туткундарды алмашууну «Орусия менен Украинанын ортосунда мамилени жөнгө салууга үмүт арттырган кадам, Минск келишимин ишке ашыруу процессинин маанилүү элементи» деп атады.

Туткундарды алмашууну АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрү колдоого алды. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусияны жана Украинаны куттуктап, «тынчтыкка карай алгачкы чоң кадам» тууралуу сөз болуп жатканын белгиледи.

7-сентябрда Москва менен Киев өз өлкөлөрүндө соттолгон, кармалып турган орусиялык жана украиналык туткундарды алмашты.

Орусиянын түрмөсүнөн бошотулган моряктарды, кинорежиссер Олег Сенцовду жана башка туткундарды Киевдин «Борисполь» аэропортунан украин президенти Владимир Зеленский тосуп алды. Туткундарды алмашуу «35ке 35» схемасы аркылуу болуп, бошотулгандардын тизмеси жарыяланды.

XS
SM
MD
LG