Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Мектепте дарбаза кулаган окуучунун абалы жакшы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы мектепте футболдук дарбаза үстүнө кулагандан кийин ооруканага түшкөн окуучунун абалы жакшы. Ал эсине келип, нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаарындагы Балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди. Анын айтымында, окуучунун башы жарылып, мээси жабыркаган.

- Келгенде эстен танып келген. Азыр жакшы, нейрохирургия бөлүмүнө которулду, - деди Данияр Шайбеков.

Окуя 6-сентябрда болгон. Дене тарбия сабагы болор алдында футбол дарбазасы 5-класста окуган баланын башына кулаган. Кырсыкка байланыштуу тиешелүү комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG