Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Трамп талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жылдырды


Ооган президенти Ашраф Гани АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад менен жолугушкан учуру. 2-сентябрь, 2019-жыл.
Ооган президенти Ашраф Гани АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад менен жолугушкан учуру. 2-сентябрь, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылынын лидерлери жана Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен пландалган жолугушууну токтотту. Буга 2-сентябрда Кабулда 12 кишинин, анын ичинде америкалык аскерлердин өмүрүн алган жардыруу себеп болгонун ал «Твиттердеги» баракчасына жазды.

7-сентябрда жарыялаган билдирүүсүндө ал эки тарап менен тең президенттин Кэмп-Дэвиддеги резиденциясында «жашыруун жолугушууну» пландап жатканын жазган. Трамп 5-сентябрда Кошмо Штаттардын элчилиги, өкмөттүк имараттар, НАТОнун штаб-квартирасы жайгашкан райондо жардыруу аркылуу »сүйлөшүүдөгү өз мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүгө аракет кылып жатышат» деп талибдерди айыптады.

«Эгер алар маанилүү сүйлөшүү жүрүп жатканда ок атууну токтото албаса, бейкүнөө 12 кишини өлтүрүп жатса, анда алар маңыздуу келишим жөнүндө да сүйлөшө албайт», - деген Трамп.

Акыркы күндөрү тынчтык келишими жыйынтыкталып калды деген учурда согушкерлер тобу Ооганстан боюнча операцияларын күчөттү.

6-сентябрда талибдер Ооганстандын батыш тарабындагы Фарах шаарына чабуул коюшту.

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад 2-сентябрда келишим боюнча 9 айлампадан кийин «жалпы жонунан» мунаса табылганын айткан.

АКШ Ооганстандагы 17 жылдык согушту токтотууга аракет кылып, анын алкагында талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылып келет. Акыркы маалыматтарга караганда, Ооганстандын 40% кем эмес аймагын «Талибан» көзөмөлдөп турат.

Ооганстандын атын атабоону каалаган министри «Эркин/Европа Азаттыктын» ооган кызматына АКШ өкмөтү Ганинин сапарын токтотконун кабарлаган. Министр АКШ менен талибдердин ортосундагы тынчтык келишиминин долбоорунун текстине Гани макул болбогонуна байланыштуу токтотулганын билдирген.

XS
SM
MD
LG