Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 9-сентябрда күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

11-12-сентябрларда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондордо абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерине, жол каттамына, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишине түйшүк жаратып, жайыттарда малды багууну кыйынчылыкка учуратат.

9-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот.

9-сентябрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG