Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:37

ЖК комитети «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун карайт

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору депутаттар каникулга тарай электе да талкууланып, бардык тараптардын сунуштарын жакшылап карап чыгыш үчүн күзгү учурга жылдырылган.

«28 жыл эгемендик тарыхында бул тармакта реформа болгон жок. Тескерисинче, соңку жылдарда жерге, мүлккө байланыштуу өз ара нааразылык орун алды. Ушул көрүнүштөр мыйзамды өзгөртүш керек экенин көрсөттү. Бизде ачык-айкындык болуш керек», - деп белгилейт мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, вице-спикер Мирлан Бакиров.

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун парламенттин бир катар депутаттарынан турган топ иштеп чыккан.

Буга чейин Кыргызстандагы кесиптик кошуундар, мыйзам долбоору алардын укуктарын чектейт деген негизде аны чакыртып алууну талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG