АКШ менен Түркиянын куралдуу күчтөрү жекшемби күнү алгачкы жолу Сириянын райондорунда, Ефрат дарыясынан чыгышты көздөй биргелешкен кайгуул операциясын өткөрдү. "Anadolu" агенттиги кабарлагандай, бул райондордо “коопсуз аймак түзүлөт”.
Түркиянын Коргоо министрлиги Сирияга Акчакале району аркылуу кирген операцияга алты чопкуттуу унаа катышканын билдирди. Иш-чаранын пландары менен таанышкан соң түрк-америка бирдиктүү аскерий конвою Сириянын түндүгүндөгү Телль-Абьяд шаарына багыт алды. Түркиянын чек арасына кайтып келатканда аларды тик учак жана учкучсуз учактар коштоп жүрдү. Кайгуул операциянын миссиясы үч саатка созулду.
АКШ менен Түркия Сириянын түндүгүндө “коопсуз аймак” түзүү боюнча келишимге августтун башында макулдашып, кол коюшкан.