Ош шаарында “Журналисттер” коомдук бирикмесинин 20 жылдыгына карата“ Ийгиликке кадам” аттуу республикалык медиа-форумун өтөт. Бул тууралуу аталган бирикменин төрагасы Марс Тулегенов “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, жыйында учурдагы кыргыз журналистикасынын маселелери жана жетишкендиктери талкууланат. Журналисттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) укуктарынын бузулушуна байланышкан мониторингдин беш айдагы жыйынтыктары тууралуу маалымат берилет. Бул долбоорду “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен “Журналисттер” бирикмеси ишке ашырып жатат.
Форумда ийгиликтүү ЖМКлардын, сайттардын жана медиа долбоорлордун он өкүлү, өздөрүнүн ийгилик сырлары менен бөлүшөт. Анан сырткары катышуучуларга IREX уюмунун жаңы медиа долбоорлору тууралуу маалымат берилип, подкасттар боюнча мастер-класстар өткөрүлмөкчү.
“Журналисттер” бирикмеси Кыргызстандагы алгачкы медиа уюмдардын бири. Ал 1998-жылдын 24-ноябрында негизделген. Анын негизги вазийпасы – журналисттердин жана ЖМКлардын укуктарын коргоо, сөз эркиндигинин баалуулуктарын жылдыруу. (КЕ)