Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Чүйдө медресенин жатаканасынан чыккан өрттү милиция териштирип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Панфилов районунун Тельман айылында жайгашкан «Ак-Тилек» медресесинин жатаканасынан чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда Панфилов райондук милициясына Тельман айылындагы билим берүү мекемелеринин биринен өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге тергөө тобу барган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «өрт коопсуздугун сактабагандык» деген берене менен катталды.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Ак-Тилек» медресесинин жатаканасынын чатырынан өрт чыгып, чатырдын 2000 чарчы метри күйүп кеткенин кабарлаган. Медресенин кызматкерлери жатаканадагы 200 окуучуну өз убагында эвакуациялаган. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок. Өрттүн эмнеден улам чыккан себеби такталууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG