Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Сирияда Иран колдогон күчтөрдүн курал кампаларына сокку урулду


Сириядагы жагдайдан бир көрүнүш
Сириядагы жагдайдан бир көрүнүш

Сириянын чыгышындагы Иран колдогон күчтөрдүн жана согушкерлердин турактарына урулган аба соккуларынан 18 жоочу өлтүрүлдү.

Британияда жайгашкан Сирия обсерваториясы уюмунун маалыматына караганда, белгисиз аскер учактарынан жасалган түнкү чабуулдар Ирак менен чектешкен Аль-Букамал районун бутага алган. Уюм кабарлагандай, соккулардан аскердик бекеттер, автоунаалар жана курал кампалары зыян тартты.

Ал эми Сириядагы жергиликтүү активисттер, аба соккулары Ирандын шиит ыктыярчылары менен байланыштагы Ирактын элдик-мобилизациялык күчтөрүнүн курал кампаларына да урулганын маалымдады.

Израил Иранды эң чоң коркунуч катары карайт жана акыркы жумаларда Сирия, Ирак жана Ливандагы аны менен байланышта болушу мүмкүн деген күчтөрдүн объектилерине сокку уруп келет.

Иран, Сирия согушу башталган 2011-жылдан бери эле, Орусия менен биргеликте президент Башар Асадга саясий жана аскердик жактан колдоо көрсөтүп келет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG