Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

«Дориан» куюну Канаданын чыгышына жетти (видео)


Дориан шамалынын кесепети, АКШ.
Дориан шамалынын кесепети, АКШ.

Буга чейин Виржин, Багам аралдарын, Түндүк Каролина штатын каптаган куюн Канаданын Галифак шаарындагы бир катар үйлөрдүн чатырын учуруп, бактарды кулатты.

Синоптиктер катуу шамалдын күчү дүйшөмбү күнү кечке жуук гана басаңдай турганын божомолдоп жатышат. Дориан бир апта мурда Багам аралдарында бир топ кыйроолорду алып келген.

Күчү беш баллга жеткен катуу шамал 44 адамдын өмүрүн алып, миңдей турак жайды кыйраткан. Түштүк Каролина жана Жоржия штаттарындагы 220 миңдей тургун жарыксыз калды.

XS
SM
MD
LG