Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) 2019-2020-жылдары күз-кыш жылытуу мезгили үчүн көмүрдү жеткирүүчү компания аныкталды.
«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева «Азаттыкка» көмүр ташуу үчүн тендерди «КонтактУглеПром» ТОО компаниясы утканын кабарлады.
Тендердин жыйынтыгы 6-сентябрда чыгып, «КонтактУглеПром» ТОО Жылуулук электр борборуна Д, ДГ жана Г маркаларындагы көмүрдү жеткирүү милдетин алды. График боюнча ишкана көмүрдү 2020-жылдын мартына чейин ташыйт. Отундун биринчи көлөмү сентябрда келет.
Көмүр ташып келүү үчүн 29-июлда 1 027 219 008 сомго тендер жарыяланган.
«Электр станциялары» ишканасынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнү Бишкек ЖЭБинде 80 миң тонна көмүр бар. Кара-Кечеден да көмүр ташылууда. Мекеме станциянын үзгүлтүксүз иштешине бул көлөм жетиштүү экенин маалымдады.
ДСШ маркасындагы көмүрдү жеткирүү үчүн тендер ушул жумада жарыяланат. Баш-аягы күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 млн. 140 миң тонна көмүр даярдалат.
Өткөн күнү ишкана 1 млн. 421 миң кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарды. Бишкек ЖЭБи – Кыргызстандын түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу жалгыз ири ЖЭБдин бири. Кыш мезгилинде күнүнө 6-7 млн.кВт/саат чейин иштеп чыгарат. (BTo)