Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Тажикстанда Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты ишке киргизилди


Президент Эмомали Рахмон Рогун ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү салтанатында.
Президент Эмомали Рахмон Рогун ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү салтанатында.

Тажикстанда 9-сентябрь, эгемендик күнүндө Рогун ГЭСинин экинчи агрегаты ишке кирди. Салтанаттуу иш-чарага президент Эмомали Рахмон баш болгон жогорку даражалуу аткаминерлер, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү катышты.

Бийлик Рогун ГЭСинин өлкө үчүн мааниси жогору экенин белгилеп, гидротүйүндүн бүт кубаттуулугу ишке кирсе, Тажикстан энергетикалык жактан толук көз карандысыздыкка жетерин айтып келишет. ГЭСтин биринчи агрегаты былтыр ноябрда ишке кирген.

Рогун - Тажикстандын тарыхындагы эң кымбат долбоорлордун бири. 2019-жылы анын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 222 млн. доллар сарпталган. Гидроэлектростанциянын долбоору Советтер Союзунун тушунда эле түзүлүп, курулушу башталган.

Бирок кийинчерээк жарандык согуш жана коңшулар менен келишпестиктерден улам курулуш токтоп, 2016-жылы кайра жанданган. Рогун ГЭСинде алты агрегат бар. Ал эксплуатацияга толук киргенде жылына 17 млрд. кВт электр энергиясын өндүрмөкчү.

XS
SM
MD
LG