Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:09

Нур-Султан: сот чечимине нааразылар кайрадан митингге чыкты


Казакстандагы нааразылык акцияларынын бири.
Казакстандагы нааразылык акцияларынын бири.

Туугандарына жана өздөрүнө байланыштуу чыккан сот чечимдерине макул болбогон бир топ адам, дүйшөмбүдө Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда пикет өткөрүштү. Өлкөнүн ар тарабынан келгенин айтышкан он чакты адам, шаар ортосундагы аянтта шарт, талаптары жазылган кагаздарды көтөрүп чыгышты. Нааразыларга мэриянын өкүлү чыгып, пикетке чыгуу мыйзамсыз экенин эскертти.

Акцияга чыккандар жыл башында президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугууну талап кылышып, Акордонун алдында топтолушкан. Бирок максаттарына жетишкен эмес.

Казакстанда жыл башынан бери ар кандай саясий, социалдык жана башка өзгөрүүлөрдү талап кылган демонстранттардын акциялары өтүп келет. Каршылык маанай, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев өлкө башынан кетип, анын ордуна Касым-Жомарт Токаев дайындалгандан бери күчөдү.

XS
SM
MD
LG