Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Мамлекеттик тил күнүнө карата илимий-тажрыйбалык конференция өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» деп аталган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт.

Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залына белгиленген иш-чарага төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, тиешелүү өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, тармактык адистер катышат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен чогуу уюштурулган.

Быйыл Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленет.

Коомчулукта кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошот деген мыйзам иш жүзүндө толук иштебей жатканы тууралуу сын айтылып келет. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG