Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Абдрахманов: Чокморовдун жаңы айкели ноябрь айында даяр болот


Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкелинин эскиздеринин бири.
Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкелинин эскиздеринин бири.

Таланттуу актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкели ушул жылдын ноябрь айында, анын 80 жылдык мааракеси белгиленген күнгө чейин даяр болушу керек.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун директору Сагынбек Абдрахманов кабарлады. Анын айтымында, эстеликтин узундугу үч метрдей болот.

2017-жылы Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган айкел Сүймөнкул Чокморовго окшошпой калганы үчүн Маданият министрлигинин көркөм кеңеши аны алмаштыруу тууралуу чечим чыгарган.

Быйыл жайында кайрадан төрт этаптан турган сынак өтүп, 18 бедизчинин ичинен Азамат Абдрахманов тандалган. Жаңы эстелик ушул айкелдин ордуна коюлат.

Кыргыз киносунун тарыхында “Эң мыкты эркек актёр” наамын төрт жолу алган Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй өрөөнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган.

Ал 1992-жылы 53 жашында каза тапкан. Ал советтик кино өнөрүн көптөгөн чет мамлекеттерде тааныткан. Сүрөтчүлүк өнөрүн таштабай 400дөй пейзаж, натюрморт, портрет тарткан. Чокморовдун кээ бир эмгектери Улуттук көркөм өнөр музейинде сакталып турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG