Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

CNN: АКШ Орусиядагы тыңчысын жашыруун чыгарып кеткен


АКШнын Москвадагы элчилиги.
АКШнын Москвадагы элчилиги.

Кошмо Штаттар 2017-жылы орус өкмөтүнүн аппаратында иштеген тыңчысын Орусиядан жашыруун түрдө алып чыгып кеткен. Бул тууралуу CNN телеканалы Дональд Трамптын администрациясындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Мындай чечим кабыл алууга Трамптын айланасындагы айрым кишилердин жашыруун маалыматтар менен иштөөдөгү кесипкөйлүгүнүн күмөн жаратышы түрткү болгон. CNN америкалык тыңчынын ачыкка чыгып калуу коркунучун жараткан кемчиликтерге бир нече ирет жол берилгенин ырастоодо.

Тыңчыны алып чыгып кетүү тууралуу чечим 2017-жылы май айында, Трамп Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Орусиянын АКШдагы ошол кездеги элчиси Сергей Кисляк менен жолугушкандан кийин кабыл алынган.

Дүйшөмбү күнү кечинде «The New York Times»​ ушундай эле маалыматты өз булактарына таянып жазып чыкты. Маалыматка караганда, Орусиядан чыгарылып кеткен киши Владимир Путинге жакын адамдардын катарына кирген эмес. Бирок аны менен кез-кезде жолугуп турган. Эң негизгиси - маанилүү чечимдер кабыл алынган өкмөттүк аппараттын маалыматтарын алуу мүмкүнчүлүгү болгон. Анын аты-жөнү коопсуздук үчүн ачык айтылган эмес.

Ал кезде Борбордук чалгын башкармалыгын директору Майк Помпео болгон. Ал Трамптын администрациясында иштеген кишилер менен маектешкенден кийин Москвадагы булактан алган көптөгөн маалыматтарды алар менен бирге талкуулоо опурталдуу деп эсептеген. Жашыруун агентти алып чыгып кетүү аргасыз кадам болгон.

АКШнын мамлекеттик катчысынын өкүлү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришам: «CNN телеканалынын билдирүүсү жаңылыш гана эмес, айрым адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурушу да мүмкүн», - деди.

XS
SM
MD
LG