Тыңчылык үчүн айыпталып, орус президент Владимир Путиндин ырайымынан кийин Украинага өткөрүлүп берилген украиналык журналист Роман Сущенко эми 20 жыл бою Орусияга кире албайт. Орус бийлигинин мындай чечими тууралуу «Интерфакс» агенттиги коомдук коргоочу Марк Фейгинге шилтеме кылып жазды. Бул тууралуу журналистке туткундарды алмашуу алдында «Лефортово» убактылуу кармоочу жайында маалымат берилген.
Сущенко 2016-жылы Москвада кармалган. Ошол кезде ФСБ Сущенкону Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкармалыгынын кызматкери, полковник экенин билдирген. Ал тыңчылык операциясын ишке ашырып жаткан учурда кармалганы айтылган. Эки жылдан кийин ал катаал режимде 12 жылга эркинен ажыратылган. Журналист өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын ошол кездеги адвокаты Марк Фейгин Украинанын жараны Москвага туугандарына келгенин айткан.