Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Бишкекке желим бөтөлкөлөрдү чогултуш үчүн инсталляциялык урналар коюлууда


Бөтөлкө формасындагы инсталляциялык урна.
Бөтөлкө формасындагы инсталляциялык урна.

«Желимсиз Бишкек» долбоорунун алкагында баш калаага желим бөтөлкөлөрдү сала турган атайын урналар коюлуп жатат. Шаардык мэриянын маалыматы боюнча Түштүк магистралдагы жаңы салынган паркка бийиктиги эки метрден ашкан эки урна орнотулду. Ага бир толтурганда 1000дей желим шише батат.

Мэрия бөтөлкө формасындагы инсталляция урнасын жасоо көп каражатты талап кылбай турганын жана бөтөлкөлөрдү ошол жерге чогултуп, аларды кайра иштетүүгө жиберүүгө ыңгайлуу экенин билдирди.

Долбоордун авторлору шишелерди топтолгон көлөмүнө жараша кечки саат 12ден таңкы саат бешке чейин жыйнап кетип турушат. Алар мындай урнадан дагы 60ты жасоо боюнча ишкерлер менен сүйлөшүп жатышат. Бир урнанын баасы жети миң сомго чыгат. (BTo)

XS
SM
MD
LG