Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Түркмөнстан, Иран жана Беларус сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов.

Журналисттерди коргоо комитетинин жаңы баяндамасында маалымдагандай, Түркмөнстан, Иран жана Беларус цензура өнүккөн он өлкөнүн ичинде кала берүүдө. Сөз эркиндигине байкоо жүргүзүүчү эл аралык уюмдун 10-сентябрь күнү жарыялаган маалыматында айтылгандай, бул өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү өз алдынча маалымат каражаттарын да чектеш үчүн катаал цензураны пайдаланышат.

Бул он өлкөдө эркин маалымат каражаттарына тыюу салынган же катаал чектөө киргизилген. Баяндамада айтылгандай, журналисттерди түрмөөгө камоодон тартып куугунтуктун түрлөрүнө чейинки коркунучтан улам алар унчукпоого мажбур болушат.

Баяндаманын авторлору белгилегендей, сөз эркиндиги катуу чектелген үч өлкөдө: Эритреяда, Түндүк Кореяда жана Түркмөнстанда маалымат каражаттары бийликтин куралы болуп саналат, өз алдынча маалымат каражаттары куугунтукталат, ал эми кыска убакытка өлкөгө кирүүгө уруксат берилген чет элдик журналисттер катуу көзөмөлгө кабылышат.

XS
SM
MD
LG