Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Тарых музейи боюнча сот 24-сентябрга жылдырылды


Сапар Исаков тарых музейи боюнча соттук отурумда. 10-сентябрь, 2019-жыл.
Сапар Исаков тарых музейи боюнча соттук отурумда. 10-сентябрь, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум 24-сентябрга жылдырылды.

Соттун кийинкиге калтырылышына мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ооруп жатканы негиз болду. Буга байланыштуу ал өзү жана жактоочусу Нурбек Токтакунов судьядан сотту бир аптага жылдырып турууну суранышкан.

Ошондой эле жогорудагы иштерди караган судья да алмашты. Буга чейин ишти Айбек Эрнис уулу карап келаткан болсо, мындан ары сотко Марат Сыдыков төрагалык ылат. Судьялардын алмашуусунун себеби айтылган жок.

Улуттук тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталууда. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бар.

Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген.

Сапар Исаков буга чейин музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин билдирген. (BTo/ErN)

XS
SM
MD
LG