Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Улан-Удэде митингдер уланды


Москвага жөө жөнөгөн бакшы Александр Габышев.
Москвага жөө жөнөгөн бакшы Александр Габышев.

Бурятиянын баш калаасы Улан-Удэде эки күндөн бери шаар мэрин кайра шайлоону жана якутиялык бакшы Александр Габышевдин камалган эки тарапташын бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат.

Дүйшөмбүдө борбордук аянтка жүздөгөн адам чогулду.

8-сентябрда өткөн жергиликтүү жана шаардык шайлоодо Улан-Удэнин мэрлигине буга чейин убактылуу шаарды башкарып келген Игорь Шутенков ат салышып, утуп чыккан.

Анын атаандашы, КПРФтин өкүлү Вячеслав Мархаев добуштардын 37 пайызын топтоп, экинчи орунду ээлеген. Мархаев шайлоо мыйзам бузуу менен коштолгонун айтууда.

Ал эми якутиялык бакшы Габышев төрт айдан бери Москвага жөө баратат. Ал 2021-жылы Путинге жетип, аны бийликтен төңкөрүүнү көздөйт. Габышев Орусиянын президентин «кара күчтөрдүн» өкүлү деп эсептейт. Эки миң чакырым басып өткөн Габышевдин видеолору миллиондон ашуун ирет көрүлгөн.

XS
SM
MD
LG