Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:52

Суусамыр өрөөнүндө 5000 гектар арпа кар алдында калды


Суусамыр.
Суусамыр.

Суусамыр өрөөнүндө 8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып 5000 гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Нурдасан Кулматов билдирди.

Анын маалыматына караганда, быйыл жалпысынан 6100 гектар жерге арпа айдалып, анын 1100 гектары чабылган. Кулматов суу кар электр зымдары өткөн түркүктөрдү кулатып, айыл жарыксыз калганын кошумчалады.

- Биз «биринчи кезекте оорукана, мектептерде жарык болсун ошолорду жасагыла, ал эми айылдарды коё тургула» дедик, - деп кабарлады ал.

Суусамыр өрөөнүндө алты айыл бар болсо, анын бешөөнө кар калың түшөт. Анда 7 миңдин тегерегинде эл жашайт. Бул жолку жааган кар жайыттарда малды кармоону да оорлоткон. Кулматов айрым малчылар жандыктар өлгөнүн айтып жатышканын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG