Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Боронов: Эми кенге лицензия берилгенде сөзсүз мамлекеттин үлүшү болот


Жерүй кени. Талас.
Жерүй кени. Талас.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин 10-сентябрдагы жыйынында айтты. Ушундай эле талап көмүр кендерине да тиешелүү болот.

2019-жылдын январь айында Коопсуздук кеңешинде жарыяланган маалыматка караганда, Кыргызстанда жалпысынан кен тармагында 2571 лицензия берилген.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2012-2018-жылдар аралыгында кен тармагына байланыштуу 70тен ашык кылмыш ишин козгогон жана зыяндын өлчөмүн 1 миллиард сомго баалаган.

Расмий маалымат боюнча, тоо-кен тармагынан жылына 12 миллиарддай сом түшөт. Бул ички дүң өнүмдүн сегиз пайызга жакын бөлүгүн жабат. (BTo)

XS
SM
MD
LG