Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Өзбекстан Араванда чек араны тосо баштаганы нааразылыкка себеп болду


Аравандын Төө-Моюн айыл аймагынан тартылып алынды деген видеодон алынган кадр.
Аравандын Төө-Моюн айыл аймагынан тартылып алынды деген видеодон алынган кадр.

Өзбекстандын аскерлери Араван районунун Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосуп алганы кыргызстандык тургундардын нааразылыгын жаратып, тирешке себеп болду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев билдирди:

- Бул жерде такталган, Кыргызстан менен Өзбекстан алмаштырган жерлер бар. Төө-Моюндагы ошондой жерлердин бирин Өзбекстан тосо баштаган экен. Бул жерлердин делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө элек. Булар болсо баштап жиберишиптир. Азыр ошону токтоттурдук. Жаңжал чыккан жок, тынч эле, - деди Курбанбек Айтибаев.

Аравандын акими: кырдаал тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00
Түз линк

Аким окуя болгон жерде өзү, күч түзүмдөрү менен чогуу жүргөнүн, кырдаал тынч экенин кошумчалады.

Мунун алдында Араван районунун Төө-Моюн айыл округундагы «Керкидан суу сактагычынын айланасын Өзбекстандын аскерлери тосуп алды» деген кабар-видеолор тараган. Видеолордо бир нече кыргыз жарандары өзбек чек арачылары менен тирешип турганы, чек ара тилкесинин ары жагында аскердик техника турганы тартылган.

2015-жылы Аравандын аталган суу сактагычындагы 400 гектардай гектар жерди Өзбекстан тосуп алганы кабарланып, жергиликтүү эл нааразылык акциясына чыккан. Анда тилке Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган. «Азаттыктын» кабарчысы жерине барып, элдин жана жергиликтүүлөрдүн да ойлорун угуп келген. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG