Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Удмуртияда өзүн өрттөгөн окумуштуу каза болду


Разин пикетте. 10-сентябрь, 2019-жыл.
Разин пикетте. 10-сентябрь, 2019-жыл.

Альберт Разин 10-сентябрь күнү эртең менен Удмуртиянын Мамлекеттик Кеңешинин алдына пикетке чыккан. Колуна кавказдык акын Расул Гамзатовдун «Эртең тилим жок болору чын болсо, анда бүгүн жан кыюуга даярмын» деген ыр саптары жана «Менин мекеним барбы?» деген жазуусу бар плакаттарды кармаган карыя окумуштуу бийликтен удмурт улутун жана тилин коргоону талап кылган.

Бир нече убакыттан кийин ал өзүнө от койгон. Өрт өчүрүүчүлөр отту өчүрүп, окумуштууну ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер анын денеси дээрлик 100 пайыз күйүп калганын айтышкан. Бир нече сааттан кийин ал көз жумган.

79 жаштагы Альберт Разин философия илимдеринин кандидаты, доцент, Удмуртиянын илимине эмгек сиңирген ишмер болчу. Ал улуттук «Удмурт Кеңеш» кыймылынын жана окумуштуулардын «Тодосчи» клубунун жигердүү мүчөсү эле.

Разин өткөн жылы жайында Удмуртиянын Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Алексей Прасоловго жана башка депутаттарга ачык кат менен кайрылгандардын бири. Кат ээлери кеңешти Орусиядагы мектептерде түпкү элдердин тилин милдеттүү түрдө окутууну жокко чыгарган мыйзам долбооруна каршы чыгууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG