Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жолугушту


2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.
2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.

2010-жылдагы окуялардан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жакында абактан чыккан саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен учурашуу үчүн жолугушту. Бул маалыматты “Азаттыкка” убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров ырастады:

-Үй камагына түрмөдөн чыккан Убактылуу Өкмөттүн эки мүчөсү менен учурашып, кыргыздын салтына ылайык ак калпак кийгизип, чай ичтик. Болгону ушул. Алар буга чейин өз айылдарына барышты. Ошондуктан расмий түрдө эми учураштык.

Жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Темир Сариев, Кенешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов катышты. Топчубек Турганалиев менен Иса Өмүркулов барган жок. Убактылуу Өкмөттүн дагы бир мүчөсү, Кой-Таштагы окуяларга жана кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн эрте бошогонуна байланыштуу Алмазбек Атамбаев УКМК абагында отурат.

Тургуналиев жолугушуу тууралуу маалыматы болбогонун “Азаттыкка” билдирди.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү акыркы жолу 2016-жылы, Атамбаев конституциялык реформа өткөрүү ниетин билдиргенден кийин жолугушкан.

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG