Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Кабулда катуу жарылуу болду


31-майда Кабулдагы жарылуудан кийин тартылган сүрөт. Архивдик сүрөт.
31-майда Кабулдагы жарылуудан кийин тартылган сүрөт. Архивдик сүрөт.

11-сентябрда Ооганстандын борбору Кабулда, АКШ элчилигинин жанында катуу жарылуу болду. Элчиликтин кызматкерлери жарылуу түн ортосунда болгонун «Associated Press» агенттигине ырасташкан.

Расмий органдардан азырынча маалымат бериле элек. Жабыркагандар же каза болгондор бар-жогу белгисиз.

Элчиликтин жанындагы жарылуу 18 жыл мурда Нью-Йоркто жана Вашингтондо террористтердин чабуулунан каза болгондорду эскерүү күнүнө жана АКШ президенти талибдер менен сүйлөшүү токтогонун жарыялаган учурга туш келүүдө.

АКШнын президенти сүйлөшүү токтогонун 9-сентябрь күнү Ак үйдө журналисттер менен жолугушкан учурунда айткан. Ал мурдараак «Твиттердеги» баракчасына талибдер менен жашыруун сүйлөшүүгө барбай турганын жазган болчу. Трамп мындай чечимди талибдердин Кабулда 12 кишинин өлүмүнө алып келген жардыруусунан кийин кабыл алганын айткан.

Мындан кийин Ооганстандын президенти Ашраф Гани дүйшөмбү күнү Кабулда коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерине кайрылып:

- Тынчтык кандайдыр бир шарт коймоюнча болбойт, ал эми сүйлөшүүлөр ок атышууну токтотмоюнча ишке ашпайт. Биз сүйлөшүүгө даярбыз, – деп билдирген. Ошондой эле «Талибан» кыймылынын лидери Мулла Хабитуллага кайрылып, жашырынбай жок дегенде видеоконференция аркылуу өзүн көрсөтүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG