Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Абдрахманов: Кой-Таш окуяларына катышкан КСДПнын мүчөлөрү партиядан чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айрым мүчөлөрү Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПнын катарынан чыгарылды. Абдрахманов «Азаттыкка» мындай чечим партиянын саясий кеңешинин жекшемби күнү өткөн жыйынында кабыл алынганын билдирди:

- «Бирөөдөн өч алалы же бирөөгө жамандык кылалы, чыгаралы» деген ой жок болчу. Биз партиянын жобосунун негизинде иш кылып жатабыз. Кой-Таштагы кандуу окуяга Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка мүчөлөрү катышып калышкан. КСДПнын катарынан депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Карамат Орозова, Мурадыл Мадеминов жана Анвар Артыков бир добуштан чыгарылды. Протоколдор катталып, жазылып, чечимдер Борбордук шайлоо комиссиясына, Жогорку Кеңешке, фракцияга берилет. «Партиядан, фракциядан чыгарылсын жана Жогорку Кеңештин дептаттарын чакыртып алыш керек» деген чечим чыкты.

Аты аталгандарды партиянын катарынан чыгаруу тууралуу сунушту саясий кеңештин жыйынына катышкан 14 киши бир добуштан колдогон. Саясий кеңеш 21 адамдан турат.

Абдрахмановдун буга чейин билдиргени боюнча, партиянын айрым мүчөлөрүн катардан чыгарууну жер-жерлердеги баштапкы уюмдун мүчөлөрү сунуш кылышкан. Ушундай сунуштардын негизинде мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев жана башка мүчөлөр да чыгарылды.

Парламент депутаты Ирина Карамушкина Абдрахманов жетектеген КСДПнын талаптарына буга чейин жооп берип, алардын ишмердиги мыйзамсыз экенин билдирген. Ал эми Анвар Артыков партияга мүчө эмес экенин айтты жана КСДПга карата «саясий рейдерлик болгон» деп белгилеп жатат.

- Мен ал партияда жокмун да. Анан кантип чыгарат? Фракциядан өзү арыз жазып чыкса мандаты алынат. Ал эми фракцияда жоктор деле жүрбөйбү. Бул болгону саясий шоу. Мен ага көңүл деле бурбайм, - деди Анвар Артыков.

КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде КСДПнын лидери катары каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG