Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Араванда Өзбекстан тосуп алган жерге жергиликтүү эл кайра чогулду


Араван районунун Төө-Моюн айыл округунун тургундары Өзбекстан тосуп алган жерге чогулушту.
Араван районунун Төө-Моюн айыл округунун тургундары Өзбекстан тосуп алган жерге чогулушту.

Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл округунун тургундары Өзбекстан тосуп алган Керкидан суу сактагычынын айланасына 11-сентябрда кайрадан чогулушту. Бул тууралуу жеринен "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаков кабарлады.

Чек аранын аркы тарабында көз мерчем менен алганда 35тей өзбек жоокери, бир нече аскердик техника жүрөт.

Анын айтымында, 20-30дай жергиликтүү жашоочу тосмолонгон жер Кыргызстанга караштуу экенин, Өзбекстандын жоокерлери кетишин талап кылышууда. Бул маселе бүгүн Ош шаарында талкууланат деп кабарланууда.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери аталган Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Мунун алдында Араван районунун Төө-Моюн айыл округундагы «Керкидан суу сактагычынын айланасын Өзбекстандын аскерлери тосуп алды» деген видеокабарлар тараган.

Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө элек экенин билдирүүдө. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар толук макулдашкыча Өзбекстан зым жана белгилерди коюуга укугу жок болгон.

2015-жылы Аравандын аталган суу сактагычындагы 400 гектардай жерди Өзбекстан тосуп алганы кабарланып, жергиликтүү эл нааразылык акциясына чыккан. Анда тилке Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган. «Азаттыктын» кабарчысы жерине барып, элдин жана жергиликтүүлөрдүн да ойлорун угуп келген. (ErN\YI)

XS
SM
MD
LG