Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Шаршеев: Керкиданда Өзбекстандын аскердик техникасы жок


Аравандын Төө-Моюн айыл аймагынан тартылып алынганы айтылган видеодон алынган кадр.
Аравандын Төө-Моюн айыл аймагынан тартылып алынганы айтылган видеодон алынган кадр.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев «Азаттыкка» Араван районунун Керкидан суу сактагычынын аймагында бүгүн, 11-сентябрда Өзбекстандын аскердик техникасы жок экенин билдирди.

- Мага берилген маалымат боюнча ал жерде аскердик техника жок. Чек ара кезметтери өз кызматын өтөп жатышат. Буга чейин чыккан маалыматтарды да карасаңар. Ага кошумча эч нерсе кошо албайм, - деген Шаршеев Керкидан суу сактагычынын айланасындагы кырдаал боюнча кенен маалымат берген жок.

Мунун алдында ал 24.kg сайтына комментарий берип, өзбек тарап өзүнө тиешелүү жерде демаркация иштерин жүргүзүп жатканын айткан жана курулуш кылыш үчүн оор техника бар экенин, эч кандай аскердик техника жок экенин билдирген.

Ал эми «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков бүгүн, 11-сентябрда чек аранын аркы бет тарабында көз мерчем менен алганда 35тей өзбек жоокери, бир нече аскердик техника жүргөнүн айтты.

Бүгүн Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл округунунун тургундары Өзбекстан тосуп алган Керкидан суу сактагычынын айланасына 11-сентябрда кайрадан чогулушту.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Мунун алдында Араван районунун Төө-Моюн айыл округундагы «Керкидан суу сактагычынын айланасын Өзбекстандын аскерлери тосуп алды» деген видеокабарлар тараган.

Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө элек экенин билдирүүдө. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар толук макулдашкыча Өзбекстан зым жана белгилерди коюуга укугу жок болгон.

2015-жылы Аравандын аталган суу сактагычындагы 400 гектардай жерди Өзбекстан тосуп алганы кабарланып, жергиликтүү эл нааразылык акциясына чыккан. Анда тилке Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган. «Азаттыктын» кабарчысы жерине барып, элдин жана жергиликтүүлөрдүн да ойлорун угуп келген. (BTo)

XS
SM
MD
LG