Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:07

Мурдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президент менен жолугушат


Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү. 2010-жыл.

2010-жылдын апрель окуясынан кийин түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ишемби күнү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну пландап жатышат.

Бул маалыматты «Азаттыкка» мурдагы премьер-министр, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон Темир Сариев ырастады. Ал өлкө башчы менен жолугушуу президенттик аппараттын демилгеси экенин белгилеп, азырынча конкреттүү эмне маселе талкууланары беймаалым экенин айтты:

- Биз жолукканга чейин эле президенттик аппарат жолугуу боюнча демилге көтөргөн. Ишемби күнү чогулуп сүйлөшсөкпү деген ниетин баарыбыз кабыл алдык. 31-августта экс-президент, мурдагы өкмөт башчыларды чогултуп, дасторкон үстүндө сүйлөшүү болгон. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен да жолугуу ушул багытта болот го дейм. Бардык мүчөлөрдү чакырды, кимиси келерин айта албайм. Президент менен мамлекеттин багыты, социалдык-саясий-экономикалык абалы, чечилип-чечилбей жаткан маселелер, сунуштар тууралуу сөз болсо керек. Балким өзүнүн оюн айтып, маалымат алат.

10-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү үй камагына чыккан саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен учурашып, өлкөдөгү саясий абал жөнүндө пикир алышкан.

Ал жолугушууга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Темир Сариев, Кенешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Болот Шер, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов катышкан.

Ал эми коомдук ишмер Топчубек Турганалиев менен парламент депутаты Иса Өмүркулов бул жыйынга барган эмес. Тургуналиев «Азаттык» радиосуна жолугушуу тууралуу маалыматы болбогонун билдирди. Ал эми Иса Өмүркуловдун келбеген себеби белгисиз. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG