Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

CPJ Дүйшөмбүнү «Азия-Плюстун» жагдайына көңүл бурууга чакырды


«Азия-Плюс» маалымат агенттиги 1996-жылы ачылган.
«Азия-Плюс» маалымат агенттиги 1996-жылы ачылган.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Тажикстандагы «Азия-Плюс» маалымат агенттигинин сайты ачылбай калганына кабатырлыгын билдирди жана өлкө бийлигин жагдайга көңүл бурууга чакырды.

«Азия-Плюс» Тажикстанда 19-августтан бери ачылбай калган. Маалымат агенттигинин жетекчилери тиешелүү мекемелерге кайрылышкан. Өлкөнүн Байланыш кызматы жагдай териштирилерин билдирген менен жыйынтык чыга элек.

Мунун алдында, 26-июлда Орусиянын көзөмөл мекемеси Роскомнадзор «Азия-Плюсту» жаап койгон. Мекеме сайттагы Тажикстандын Согди облусунда өз жанын кыйган кыз жөнүндөгү жаңылыкта «суицидге үгүттөөнүн элементтери бар» деп тапкан.

«Азия-Плюс» маалымат агенттиги 1996-жылдан бери иштеп келет жана анын сайты Тажикстандагы алдыңкы маалымат порталы болуп саналат. Ал жаңылыктарын тажик, орус жана англис тилинде жарыялайт.

XS
SM
MD
LG