Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Медиа: АКШнын «Кремлдеги тыңчысы» из жашырды


Олег Смоленковдун Виргиниядагы үйү.
Олег Смоленковдун Виргиниядагы үйү.

АКШдагы маалымат каражаттары Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрациясында иштеп жүрүп, АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (БЧБ) менен кызматташкан Олег Смоленков Виргиниядагы үйүнөн чыгып кеткенин жазышты. Мунун алдында АКШнын БЧБсы мындан эки жыл илгери Смоленковду атайын операциянын негизинде Москвадан тымызын алып кеткени тууралуу маалымат чыккан.

АКШдагы CNN телеканалы, «New York Times» жана «Washington Post» басылмалары 9-сентябрда жарыялаган маалыматка ылайык, БЧБнын «Кремлдеги тыңчысы» Путиндин жакын чөйрөсүнө кирбесе да жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдер менен таанышууга, ал тургай орус президентинин үстөлүндөгү документтердин сүрөттөрү менен бөлүшүп турууга мүмкүнчүлүгү болгон. Ал БЧБ менен дээрлик 10 жылдай кызматташкан.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Олег Смоленковго байланыштуу учкай комментарий берди. Ага ылайык, «тыңчылыкка шектелген жаран бир канча жыл мурун иштен кеткен жана мамлекет башчы менен түздөн-түз байланышпай, кездешпей турган кызматта иштеген».

XS
SM
MD
LG