Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Иран: футболго күйгөн айым кодулоого каршы өзүн өрттөдү


Иранда футболго кызыккан кыз-келиндер стадионго барууга уруксат берилишин талап кылып келишет.
Иранда футболго кызыккан кыз-келиндер стадионго барууга уруксат берилишин талап кылып келишет.

Иранда футбол күйөрманы Сахар Ходайари стадиондорго кыз-келиндер келишине салынган тыюуга каршы өзүн өрттөп, алган жаракаты оор болгондуктан бир аптадан кийин ооруканада ажал тапты.

Ходайари быйыл март айында өзүнө жаккан футбол командасынын беттешин көрүш үчүн стадионго келгенде камакка алынган. Кийинчерээк күрөөгө бошотулуп, ишинин сотто каралышын жарым жылдан бери күтүп жаткан. Сот аны эки жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн экенин уккандан кийин жандан кечип, өзүн өрттөп жиберген.

Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынан бери кыз-келиндерге стадиондорго барып футбол көрүүгө жол берилбейт. Президент Хасан Роухани стадиондо өткөн спорттук иш-чараларга аялдардын барышына тыюу салган чечимди жокко чыгарууга чакырганы менен ал аткарылган эмес.

XS
SM
MD
LG