Жалал-Абад шаарындагы «Дина» аттуу эс алуу жайындагы топтошкон балдардын мушташын милиция иликтеп жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, топтошкон балдар орундук талашып чырдаша кетишкен.
Окуя 10-сентябрдын кечинде болгон. Мушташка катышкан 8 баланын баарынын кимдер экени такталды.
Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, шаардык милиция тергөө иштерин баштады.
Окуядан улам 26 жаштагы Базар-Коргон районунун тургуну мээсинен жаракат алып, учурда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Дагы эки бала Базар-Коргон райондук ооруканасына орто жаракат алып кайрылган. Маалыматтарга караганда топтошуп мушташкан балдар 22 жана 26 жаштагы жигиттер болгон. (RsK\ErN)