Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарреттен, Казакстандын элчиси Кайрат Нурпеисовдон, Малайзиянын элчиси Хенди Ассандан, Армениянын элчиси Гагик Галачяндан жана Индонезиянын элчиси Сунарио Картадинаттан ишеним грамоталарын кабыл алды.
Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчы ар бир элчи менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөдө, туризм жана инвестиция багытында кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшкөнүн билдирди.
Британиянын элчиси Чарльз Гарретт президент менен кыргыз тилинде учурашып, жашап жүргөн өлкөнүн мамлекеттик тилин үйрөнүү - бул мамлекетке болгон урматтоонун белгиси экенин айтты.
Ал эми Индонезиянын элчиси Сунарио Картадинат Индонезияда өтчү эл аралык ЭКСПО көргөзмөлөрүнө катышуугакыргызстандык ишкерлерди чакырды. (BTo)