Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Роскосмос: «Фёдор» роботу кайра космоско учпайт


«Фёдор» роботу сыноо учурунда.
«Фёдор» роботу сыноо учурунда.

Өткөн аптада эл аралык космостук станциядан кайтып келген «Фёдор» аттуу робот кайра экинчи жолу космоско учпайт. Анын ордуна ачык космосто жүрө алган башка робот даярдалып жатат. Бул тууралуу Роскосмос мамлекеттик корпорациясы билдирди.

Биринчи гуманоид роботту ташыган «Союз» кемеси 22-августта Казакстандын Байкоңур аэродромунан учуп чыккан. Бирок аталган кеме 24-августта станцияга чиркеше албай калган болчу. Мындан улам кеме үчүн башка модулдук жай даярдалып, ал үч күндөн кийин жалгашкан.

«Фёдор» эл аралык космос станциясында 10 күн болгон жана анда астронавттар менен иштешүүнү үйрөнгөнү маалымдалган.

«Фёдордун» бою 1,8 метр, ал эми салмагы 160 килограммга жетет. Анын «Инстаграм», «Твиттер» өңдүү социалдык тармактарда аккаунттары бар.

XS
SM
MD
LG