Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун соту болот  


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бүгүн, 12-сентябрда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин сотто кайра кароо башталат. Жараян Биринчи май райондук сотунда өтөт. 

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген. 

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

 

XS
SM
MD
LG