Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Кой-Таш окуясы: комиссиянын жыйынына Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов чакырылат


7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп, кийинки отурумга Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова, саясатчы Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылмай болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Шаршембидеги жыйында ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевдин маалыматын угушту.

Мындан сырткары вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков түзүлгөн эки жумушчу курамын аныктады. Кой-Таштагы окуялардын кесепетинен келип чыккан маселелерди талдоо тобуна Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Баатырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев киришти. Ал эми 7-8-августта болгон окуялардын талдоосун даярдоо боюнча жумушчу топко Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараев кирген.

Кой-Таш окуясын иликтей турган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

XS
SM
MD
LG