Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык алты мушкер мөрөй талашып жатат. Алардын башкы машыктыруучусу катары Данияр Жусубалиев барган.
Алты спортчунун ичинен алгачкы болуп 10-сентябрда рингге чыккан Эркин Адылбек уулу (81 кг) 1/32 финалдык баскычта ирландиялык Кейн Такерди жеңип алды. 11-сентябрда беларусиялык Николай Шахты (57 кг) кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу жеңип, 1/16 финалына чыкты.
Эми 12-сентябрда Арген Кадырбек уулу (63 кг) Индиядан келген Маниш Каушик, 13-сентябрда Абдурахман Абдурахманов (69 кг) сербиялык Милан Вранкович, 14-сентябрда Азат Усеналиев (52 кг) румыниялык Мариан Габриэл Чиопу менен беттешет. Ал эми Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг) белгиялык Ланселот Протон жана Кот-д-Ивуардан келген Мвенекабве Тшаманын беттешинде уткан спортчу менен күч сынашат.
Бокс боюнча дүйнө чемпионаты 9-сентябрда башталган. Ага 76 өлкөдөн келген мушкерлер катышууда.