Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

«Коопсуз шаардын» алкагында адамдын жүзүн тааныган 800дөй видеокамера коюлду


«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Иллюстрациялык сүрөт.
«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Иллюстрациялык сүрөт.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычынын алкагында адамды жүзүнөн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн төрагалыгы алдында өткөн Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан көчө тилкелеринде жол кырсыктары 46,9% азайганы байкалды.

Тактап айтканда, 2018-жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган. Жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8% кыскарган. 2018-жылы жол кырсыгына 108 адам, быйыл 52 жаран кабылганы айтылды.

Чүй облусунда жол кырсыктары менен жаракат алгандар азайганы байкалды. Тагыраагы, 2018-жылда төрт авария жана алты жабырлануучу катталса, быйыл эки жол кырсыгы жана үч жабырлануучу болгон.

Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин жыйынында мындан башка да маселелер каралды.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте быйыл 12-февралда ишке кирген. Анын алкагында жолдорго, көчөлөргө видеокамералар орнотулууда. Долбоорду орусиялык «Вега» концерни ишке ашырып жатат.

Долбоордун экинчи этабы боюнча тендердин расмий жыйынтыгы чыга элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG