Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:41

Карашев: Бюджеттин киреше бөлүгү 4,8 млрд. сомго аткарылбай калды


Аалы Карашев.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев өкмөттүн «экономикалык өсүш болуп жатат» деген билдирүүлөрүн сынга алып, бюджет тескерисинче кедерине кетип жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал 12-сентябрда, парламенттин түрдүү маселелерди караган жыйынында айтты.

- Расмий маалыматтарда «ички дүң өнүмүбүз 6,2% өстү, экономикабыз өсүп жатат» деп айтып жатабыз. Бирок ошол эле мезгилде бизде бюджеттин киреше бөлүгүндө 4,8 млрд. сом аткарылбай калып жатат. Экономикалык өсүш Кумтөр менен эле байланыштуу, себеби «алтын өндүрүү 63% көбөйдү» деп жатабыз. А салык канча түштү? Болгону 13% гана көбөйүп жатат. Анын ичинде сатык салыгы 330 миллион сомго же болбосо 11% төмөн болууда. Мигранттардын которгон акчасы былтыркыдан 10 пайызга аз болуп жатат. ЕАЭБдин алкагында экспорт 20% азайды, анын ичинде Орусияга экспортубуз эки эсе кемиди. Ушул маселелерге да катуураак көңүл буруш керек. Алдын албаса кийин кыйын болуп калат, - деди ал.

Мунун алдында Улуттук статистика комитети 2019-жылдын январь-августундагы көрсөткүч өткөн жылдын алгачкы сегиз айына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбөйүп, 334,6 млрд. сомду түзгөнүн кабарлаган. Мындан башка да көрсөткүчтөр боюнча экономикалык өсүш болуп жатканы өкмөттүк жыйындарда көп айтылып келе жатат. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG