Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:56

Текебаев өзүнө каршы көрсөтмө берген Алексей Модинге каршы милицияга даттанды


Өмүрбек Текебаев үй камагына чыккандан кийин.
Өмүрбек Текебаев үй камагына чыккандан кийин.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Биринчи май район бөлүмүнө арыз жазып, соттук иште өзүнө каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкер Алексей Модинди билип туруп жалган айткандыгы үчүн жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаттарынын бири Чынара Жакупбекова билдирди.

Адвокат факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Маевский жана дагы бир орусиялык ишкер Алексей Модин Өмүрбек Текебаев менен 2010-жылы 13-майда кечки саат беште шаардын сыртындагы «Супара» ресторанында жолугушканын айтышкан. «Нуртелеком» компаниясы берген документте алардын телефон номурлары «Супаранын» аймагында колдонулбаганы көрсөтүлгөн. Бул адвокаттар көрсөткөн беш жаңы жагдайдын бири болчу.

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. (ErN)

XS
SM
MD
LG