Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Акыйкатчы Кой-Таштагы операцияда жабыркаган жергиликтүүлөрдү кабыл алды


7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда чогулган жергиликтүү тургундар.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда чогулган жергиликтүү тургундар.

Акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы институтунун карамагында түзүлгөн комиссия Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жабыр тарткан жергиликтүү тургундарды кабыл алып, окуя тууралуу маалыматтарын угуп жатат.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү «Фейсбукта» түз эфирде көрсөтүп жаткан видеолорго ылайык, окуяда жаракат алгандар, балдары камалгандар даттанып жатышат. Чогулгандардын арасында Кой-Таш жана Арашан айылдарынын жашоочулары бар.

Мунун алдында ушул эле жолугушуу аталган айыл баш ийген Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл округунун администрациясынын имаратында болору айтылган. Иш-чара башталарга аз калганда иш-чара Акыйкатчынын аппаратына которулганы кабарланды.

Бүгүн, 12-сентябрда Кой-Таш айылындагы окуяны иликтеп жаткан өкмөттүк комиссиянын отуруму да болот. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова, саясатчы Равшан Жээнбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов чакырылганы кабарланган.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG