Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Бир катар уюмдар «Доор чакырыгы» саясий кыймылына бириккенин жарыялашты


«Доор чакырыгы» аттуу коомдук уюмдун 12-сентябрдагы Бишкектеги жыйыны.
«Доор чакырыгы» аттуу коомдук уюмдун 12-сентябрдагы Бишкектеги жыйыны.

Кыргызстандагы бир катар саясий партия, коомдук уюм жана кыймылдар «Доор чакырыгы» аттуу коомдук уюмга бирикти. Бул тууралуу кыймылдын өкүлдөрү 12-сентябрда, Бишкек шаарында тегерек үстөлгө чогулганда билдиришти.

Коомдук уюмдун төрайымы Лира Усабалиева билдиргендей, уюм өкүлдөрү жыл соңуна чейин улуттук идеологияны иштеп чыгуу, улуттук мамлекеттүүлүктү бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында өз сунуштарын берет.

- Биздин коомдук руханий-маданий, саясий кыймыл жарандык коомдун өкүлдөрү, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, маалымат каражаттары менен натыйжалуу кызматташууга даяр, - деди Усубалиева.

«Доор чакырыгы» коомдук кыймылы өзүнө «Бирдиктүү күч», «Манас Эл», «Улуу Курултай», «Кыргыз Жер», «Жаратман Эл», «Улуттук Ордо» жана башка саясый партияларды, коомдук кыймылдарды камтыды.

Жыйынга чогулгандар Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды да талкуулап, мамлекетти өнүктүрүү боюнча ойлорун ортого салышты.

Кыргызстанда 2020-жылы өтө турган шайлоонун алдында саясатчылар, коомдук уюмдар арасында жандануу байкалып, ар кандай жыйындар өтүп жатканы белгилүү. (SDz\ErN)

XS
SM
MD
LG