Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Биньямин Нетаньяху Израилдеги шайлоону утурлай Орусияга келди


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Бүгүн, 12-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху иш сапары менен Орусияга келди. Кремлдин маалыматына ылайык, аны Сочи шаарында президент Владимир Путин кабыл алат. Жолугушууда эки тараптуу алака-катышты өнүктүрүү маселелери талкууланат. Ошондой эле эки лидер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу пикир алмашат.

Израилдин өкмөт башчысынын «Ликуд» партиясы эмки аптада, 17-сентябрда мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого ат салышып жатат. Бул шайлоону утурлай Нетаньяху айрым дүйнө лидерлери, постсоветтик өлкөлөрдүн таасирлүү жетекчилери менен жолугуп жатат.

Убагында СССРде жашаган, учурда Израилди байырлаган шайлоочулар көп жана алардын добушу маанилүү роль ойнойт. Мындай жарандар жалпы элдин бештен бир бөлүгүн түзөт.

Биньямин Нетаньяху өткөн айда эки күндүк иш сапары менен Украинада болгон.

Ал арада Биньямин Нетаньяхунун шайлоодогу убадалары сынга кабылды. 11-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш анын Иордандын Батыш жээгин аннексиялоо тууралуу айткандарын айыптады жана бул «эл аралык укукту олуттуу бузуу болорун» эскертти.

Биньямин Нетаньяху бийликте турганын 10 жыл болду. Быйыл апрель айындагы жалпы улуттук добуш берүүдө анын партиясы утуп келгени менен коалициялык көпчүлүктү түзө албай калган. Мындан улам парламент тарап, жаңы шайлоо дайындалган.

XS
SM
MD
LG